08:08
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бир ай ичинде майнингден түшкөн салык 707,3 миң сомго азайды

Сентябрда майнинг салыгынан бюджетке 7 миллион 226,6 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетунда айтылат.

Бир ай ичинде көрсөткүч 707,3 миң сомго төмөндөгөн. Экинчи айда дагы бул тармактан казынага түшкөн каражаттын азайганы белгиленет.

Жыл башынан бери майнингден эң көп салык август айында түшкөн — 11,6 миллион. Буга чейин жогорку көрсөткүчтөр июнь (10 миллион 544,3 миң сом) жана июлда (10 миллион 414,8 миң) катталган.

 Он айдын ичинде эле казына бул салыктан 70 миллион 998,6 миң сомго толукталды.

Төлөмдөр жылдын экинчи чейрегинен тартып өсө баштаган.  Апрель — август айларында бюджетке 49 миллион 180,7 миң сом же бардык которуулардын 88 пайызы түшкөн.

2023-жылдын февралында майнигден казынага болгону 738 миң сом төлөнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума