14:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусияда абакта жаткан миңге жакын кыргыз жараны өлкөгө которулуудан баш тартты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына таянып, ушул тапта чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1 миң 452 жараны абактарда жазасын өтөп жатканын билдирди.

Ал Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында алардын ичинен 1 миң 167 адам Орусиядагы түрмөлөрдө экенин айтты. Курманкул Зулушев аларды мындан ары жазасын Кыргызстандын абактарында өтөө үчүн өлкөгө өткөрүп алуу иштери жүргүзүлүп жатканын, анын алкагында Орусиядан 74 киши, Казакстандан беш адам которулганын, дагы 42син алып келүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

«Орусияда соттолгон 994 адам өз мекенинде жаза өтөөдөн баш тарткан. Алардын баш тартканынын негизги себептери — үй-бүлөлөрү Орусияда жашайт. Мындан сырткары абакта эмгектенип кандайдыр бир каражат алып чыгат экен», — деди ал.

Кытайда, Бириккен Араб Эмираттарында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда да ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары абактарда жатат.

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизат ишине байланыштуу айыпталгандар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген.

Эң көп окулган жаңылыктар