13:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы мигранттар Кыргызстанга 2,7 миллиард доллар которушкан

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга акча которуулардын агымы 2 миллиард 706,1 миллион долларды түздү. Мындай маалыматтарды өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12,3 пайызга же 380,4 миллион долларга аз.

2023-жылдын декабрында мигранттар Кыргызстанга 258,8 миллион доллар которушкан, бул бир ай мурдагыга караганда 14,7 миллион долларга көп. Ал эми 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу бул көрсөткүч 47,7 миллион долларга өстү. Акча которуулардын көпчүлүгү Россияга туура келет — 244,7 миллион доллар. Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 67,9 миллион доллар, АКШдан 4,3 миллион доллар которулган.

Декабрдын жыйынтыгы боюнча акча каражаттарынын агылып чыгуусу да байкалган — 57 миллион доллар. Бир айдын ичинде көрсөткүч 8,1 миллион долларга өстү. 2022-жылдын декабрынан айырмаланып, көрсөткүч эки эсеге — 61,2 миллион долларга кыскарган. Акчанын негизги бөлүгү Россияга (52,6 миллион доллар) которулган.

Жалпысынан өткөн жылы республикадан 561,2 миллион доллар чыгарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге же 652,3 миллион долларга аз.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 2 миллиард 144,9 миллион долларды түздү.

Бул 2022-жылга караганда 271,9 миллион долларга же 14,5 пайызга көбүрөөк.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө акча которуулардын көлөмү 3 миллиард 86,5 миллион долларды түздү. Кыргызстандан башка өлкөлөргө 1 миллиард 213,5 миллион доллар которулган. Таза агымы 1 миллиард 873 миллион доллар болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар