12:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эквадордогу башаламандыкта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Эквадордогу башаламандыкта жабыркагандар менен каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Эквадордо консулдук каттоодо Кыргызстандын жарандары да жок.

«2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Даниэль Нобоа бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 5.00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта өлкөгө барбоону сунуштайт», — деп билдирди министрлик.

 Шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргызстандын жарандары министрликтин консулдук департаментинин: +996 999 312 002 жана элчиликтин: +1 202 256 2924 түз байланыш телефондоруна кайрыла алат.

ЖМКлардын маалыматына караганда, өзгөчө абал режими эки кылмыштуу топтун лидерлеринин абактан качуусуна байланыштуу киргизилген. Жарлыктан кийин башаламандык башталган. Кийинчерээк өлкө Президенти өлкөдөгү кырдаалды «ички куралдуу кагылышуу» деп атап, өзүнүн жарлыгы менен күч кызматкерлерине террордук деп атаган 22 топко каршы курал колдонууга уруксат берген. Шаардын көчөлөрүндөгү куралдуу бандиттер унааларды өрттөп, полиция менен кагылышууда. Тополоңдон улам 10дон ашык адам курман болду.

Эң көп окулган жаңылыктар