16:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвада алты жашар кызга кол салган кыргыз жараны камакка алынды

Москвада дүкөндө алты жашар кызга кол салган 43 жаштагы кыргыз жаранын сот камакка алды. Бул туурлауу  Фонтанка.ру шаардык прокуратурага шилтеме берүү менен билдирди.

Ага бейбаштык максатында жаш баланы өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылган (РФ Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси).

Окуя Новочеркасский бульварындагы дүкөндө болгон. Социалдык тармактарга тараган видеотасмадан ал баланы күтүлбөгөн жерден желкесинен кармап, анын мойнун сындырам деп айтканын көрүүгө болот. Кыздын ата-энеси коркунучту олуттуу кабыл алышканын билдиришкен. Баланын желкесиндеги жумшак ткандары жабыркап, ал катуу коркуп калган. Жаранды кыздын атасы жана башка сатып алуучулар полиция келгенге чейин кармап турушкан.

Соттук отурумда шектүү камакка алууга каршы болгон. Ал баланы катуу мас абалында коркутканын, бирок өлтүргүсү келбегенин, аны менен сыртка чыгып, ошол жерде кое бергиси келгенин айткан.

Ага психиатриялык экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар