USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Орусияда соттолгон кыргызстандыктардын көбү мекенине кайткысы келбейт

14:32, 07 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Орусияда соттолгон кыргызстандыктардын саны көп, бирок «көпчүлүгү эмнегедир мекенине кайткысы келбейт жана Орусияда жаза өтөөнү каалашат». Бул тууралуу маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

«Биз Башкы прокуратура жана соттор менен абакка кесилген кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча активдүү иштедик. Өлкөгө 100дөн ашуун жаран которулду», — деди ал.

Мындан тышкары, Россиянын аймагында ата-энесинин камкордугусуз калган 11 жашы жете элек балдар Кыргызстанга алынып келинди.

Сирия, Түркия, Ирак, Судан жана Тринидад менен Тобагодон Кыргызстандын 276 жараны эвакуацияланды.

Жээнбек Кулубаев

Анын айтымында, республикага чет өлкөдө каза болгон 213 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди.

Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүлүп, аларга дары-дармек жана азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика