17:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвада кыргызстандык жаран алты жашар кызга кол салды

Москвада эт саткан дүкөндө кыргызстандык жаран алты жашар кызга кол салды. Ал анын мойнун сындырам деп кыйкырганы айтылууда.

SHOT Телеграм каналы билдиргендей, кыз атасы жана апасы менен бирге эт сатып алуу үчүн Новочеркасский бульварына барган. Алардын жанынан бейтааныш адам өтүп бара жатып, күтүлбөгөн жерден баланы желкесинен кармап, өлтүрөм деп коркуткан. Атасы аны дароо жерге көтөрүп жыккан. Күзөтчүлөр жардамга чуркап барып, полиция келгенге чейин чогуу кармап турушкан.

Кол салган адам 43 жаштагы кыргызстандык жаран болуп чыкты. Москвага эки жума мурда барган. Ал психиатриалык жардамга муктаж болгондуктан, тез жардам чакырып, аны ооруканага жаткырышты. Учурда текшерүү жүрүп жатат.

Ооруканадан кыздын желкеси көгала болгону аныкталды. Азыр анын абалы жакшы.

Эң көп окулган жаңылыктар