11:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бүткүл дүйнө жүзүндө 18-декабрь Эл аралык мигранттар күнү катары аныкталганын белгиледи. Кыргызстан 2003-жылы тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулган.

 Биздин мекендештер дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салым кошуп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Садыр Жапаров

«Мигранттардын коомубуздун ажырагыс бөлүгү катары, айрыкча, мамлекеттин башына оор күн келген учурда же ар кандай ийгиликтерди жаратып, эл аралык коомчулукка чыгууда колдоого муктаж болгон жарандарга кол суна билген аракеттери миңдеп саналат. Дегеле миграцияда жүргөндөр социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестиция салышат. Алардын мындай камкордугу менен боорукердиги — жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин эң бийик үлгүсү», — деди ал.

Президент мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен миграциялык процесстерди турукташтыруу, миграция агымын жараткан факторлорду жумшартуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

«Өлкөдөн тышкары жүргөн мекендештердин, ошондой эле өлкө аймагында турган иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо аркылуу миграциялык потенциалды өлкө кызыкчылыгына багыттоо жаатында да жылыштар бар. Бара-бара эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат», — деп айтылат кайрылууда.

Садыр Жапаров Кыргызстандын жаркын келечегин куруу үчүн баары биримдикте, ынтымакта, бир көз карашта болушу керектигин белгиледи.

«Дүйнө жүзүнүн чар тарабын багындырып, талбай эмгектенип, алга умтулуп жүргөн ар бир мекендешибизге ийгиликтерди каалайм. Ойлогон ой-максаттарыңар ишке ашсын, мекенчил сезимиңер арта берсин!», — деди президент. 

Былтыр Кыргызстандан Россияга иштегени 1 миллионго жакын адам кеткен. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Орусияга барган мигранттардын саны 460 миңге көбөйгөн. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45 пайызга көп. World Population Review бүткүл дүйнөлүк калкты каттоо бюросунун маалыматы боюнча, күн сайын 27 кыргызстандык миграцияга кетет.

Эң көп окулган жаңылыктар