19:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Екатеринбургда кыргызстандык соодагерлер иш ташташты

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы «Пекин» деп аталган соода борборунда соодагерлер ижара акынын кымбатташына нааразы болуп иш ташташты.

26-февралдагы акцияга базарда иштеген кыргызстандык соодагерлер да кошулганын «Безумный Екб» деп аталган Телеграм-канал жазды.

Маалыматка ылайык, иш таштагандар соода орундарынын ижара акысы март айынан тартып 20-30 пайызга кымбаттай турганына нааразылык билдиришти.

Соодагерлер менен жолуккан базардын администрациясы баалардын кымбатташына коммуналдык кызмат акылары көтөрүлгөнү себеп болгонун билдирген.

Телеграм-канал нааразылыкка чыккандарга Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун өкүлдөрү келип жолукканын, алар соода борборунун жетекчилиги менен сүйлөшүүнү убада кылганын жазды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул маалыматты комментарийлей элек.

Эң көп окулган жаңылыктар