17:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан 2023-жылы паспорттордун индексинде 131-орунду ээледи

VisaGuide.World маалымат порталы 2024-жылдын январына карата паспорттордун индексин (VisaGuide Passport Index) жарыялады. Анда Кыргызстан 22,52 упай менен 131-орунду ээледи.

Белгиленгендей, кыргыз паспорту өлкө жарандарына 27 мамлекетке визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. 15 өлкө кыргызстандыктарга визаны электрондук түрдө, 33 өлкө аймагына кирген учурда берет. Башка 151 өлкөгө баруу үчүн Кыргызстандын жарандары сапар алдында виза алышы керек.

Визасыз сапарлар үчүн Кыргызстандын жарандарына жарактуу паспорт керек. Анын жарактуулук мөөнөтү кирген күндөн тартып кеминде алты ай болушу зарыл. Мындан тышкары, алар бара турган өлкөнүн талабы боюнча саякат үчүн медициналык камсыздандыруу алышы керек.

 Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан рейтингде Казакстан (дүйнөдө 110-орун) менен Өзбекстандан (128-орун) кийин 3-орунда турат.

Тажикстан (139-орун) жана Түркмөнстан (166-орун) тизменин аягынан орун алды.

VisaGuide паспорт индекси 199 өлкөнүн жана аймактын паспортторунун күчүн аныктоо үчүн ар кандай факторлордун негизинде баалаган рейтинг системасы.

2023-жылы рейтингдин абсолюттук лидери 90,36 упай менен Испания болгон. Экинчи орунда Германиянын, андан кийин Сингапур, Италия жана Франциянын паспорттору турат.

Рейтингде акыркы орундарды Ирак, Пакистан, Сирия, Ооганстан, Сомали сыяктуу мамлекеттердин паспорттору ээлейт.

Эң көп окулган жаңылыктар