12:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте тогуз курулуш компаниясына айып пул салынды

Бишкекте курулуш объектилеринин аймактарын көрктөндүрүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен жүргүзүлүп жатат.

Жалпысынан 16 курулуш объектилери текшерилип, муниципалдык инспекция тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 129 миң сомго 9 протокол түзүлдү:

  • «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы Укук бузуулар кодексинин 114-беренеси ( аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу) боюнча 13 миң сом;
  • «Браво Билд» ЖЧКсы 13 миң сом;
  • «АЗМ-Строй» ЖЧКсы 13 миң сом;
  • «Квентин» ЖЧКсы 13 миң сом;
  • «Аалам Строй» ЖЧКсы 13 миң сом;
  • «Экспо Курулуш Строй Компани» ЖЧКсы 13 миң сом;
  • «Голден Констракшн» ЖЧКсы 177-берене (суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу тутумдарынын инженердик тармактарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу) боюнча 23 миң сом;
  • «Эм Эс Билдинг» ЖЧКсы 23 миң сом;
  • «Семак Констракшн» ЖЧКсы 107-берене (уят сөздөрдү камтыган тексттерди пайдалануу, ошондой эле маалыматтык билдирүүлөрдү аларды жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлерде чаптоо, илүү) боюнча 5 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.

Инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталганда тартип бузгандар күнөөсүн мойнуна алып албаганына карабастан жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар