23:53
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кышкысын жол чыгымдары үчүн бюджеттен 335 миллион сом каралган

Кышкысын жол чыгымдары үчүн Кыргызстандын бюджетинде 335 миллион сом каралган. Мындай маалыматтарды Транспорт жана коммуникациялар министрлиги келтирет.

Бүгүнкү күндө жол техникасынын 88 пайызы күз-кыш мезгилине даяр.

«Өлкөнүн жолдорунда 31 ашуу бар. Алардын ичинен 27си жыл бою тейленет, төрт ашууда автотранспорт каражаттарынын кыймылы жергиликтүү органдардын чечими менен токтотулат», — деп белгилешти Транспорт министрлигинен.

Эң көп окулган жаңылыктар