02:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров Бишкек — Ош жолундагы курулуш иштери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек — Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Тактап айтканда, Жапаров автожолду кар көчкүдөн коргоо долбоорунун курулушун көрдү. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн галереянын узундугу 460 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Жалпы курулуш иштеринин 85пайызы бүткөрүлдү, ушул жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Иш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.

Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар