01:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана эки жүктөгүч, автогрейдер иштеп жатат.

«Жалпы көлөмү болжол менен 4000 метр кубдан ашкан жер көчкүсү бүгүн эртең менен саат 09:00дор чамасында жүргөн. Азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт. 23-август кечки саат 18:00дор чамасында бир тараптуу жол берилери болжолдонууда», — дейт мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар