00:50
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектин жолдорундагы чуңкурларды жамоо иштери башталды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жол белгилерин орнотуу, жол сызыктарын чийүү, жолдорду жамоо жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда, Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасым тарабынан чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Совет көчөсүнө чейинки тилкеге (жолдун чыгыш тарабына) жана Горький көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугу жана шаардын эстетикалык көрүнүшү үчүн Айтматов проспектиси Мамлекеттик резиденциядан Масалиев көчөсүнө чейинки жол бордюрларын сырдоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар