14:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Илон Маск кишилерде Neuralink нейрочибин сынай баштайт

Миллиардер Илон Маскка таандык америкалык Neuralink компаниясы ушундай эле аталыштагы дарылоо аппаратын сыноо үчүн ыктыярчыларды кабыл ала баштады.

Neuralink — бул түздөн-түз мээге орнотулган микрочип. Изилдөөгө жаракаттан же неврологиялык оорудан улам шал болгон адамдар катыша алат. Эгерде сыноолор ийгиликтүү өтсө, алар кайра кыймылдашы мүмкүн.

Neuralink микрокомпьютеринин көлөмү болжол менен тыйындай. Анда 3000ден ашык электрод бар, мээге ар бири адамдын чачынан 10 эсе ичке зымдар менен байланышат жана миңдей нейронду башкара алат.

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө агенттиги (FDA) май айында Neuralink сыноосун жактырган. Программага толугу менен шал болуп калган ыктыярчылар чакырылат. Аларга микрокомпьютер орнотулгандан кийин, алты жыл көзөмөлдө болот. Андан кийин гана технологиянын натыйжалуулугу жана коопсуздугу жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүн. Эгер ийгиликтүү болсо, технология жапырт колдонууга берилет.

Буга чейин Масктын компаниясы чочколордун жана маймылдардын мээсине Neuralink микрочибин жайгаштырып, анын натыйжаларын көрсөткөн. Чочкодо чип буттун кыймылына жооп берген нервдерди башкарган, маймылга «ойлонуу менен» видео оюндарды ойноого жол ачкан.

Илон Маск өзү нейрочиптердин келечеги кең деп эсептейт. Анын пикиринде, ушундай жол менен сокурдуктан ичкиликке көз карандылыкка чейинки көптөгөн ооруларды айыктыруу мүмкүн болот.

Программаны сындагандар мээдеги бөтөн зат инфекция жана сезгенүү коркунучун алып келиши мүмкүн экенин айтышат.

Эң көп окулган жаңылыктар