12:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын элчилиги Москвада башы кесилген маркумдун жарандыгын аныктоодо

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын сейил багынан башы кесилген сөөгү табылган кишинин жарандыгын аныктап жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүк Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин Головинский райондор аралык тергөө бөлүмүнө кайрылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин катышуусунда маркумдун ким экендигин жана анын жарандыгын аныктоо жүргүзүлүүдө. Резонанстуу кылмыш иши ТИМдин өзгөчө көзөмөлүндө.

Орусиянын укук коргоо органдары кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси «адам өлтүрүү» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эскерте кетсек, 12-сентябрда Москвада башы кесилген эки адамдын сөөгү табылган. Россиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, каза болгондордун бири бурятиялык дарыгер-травматолог, экинчиси Кыргызстандан келген жаран болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар