13:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Европарламент менен кызматташууну дагы да чыңдоого үмүтүн билдирди

Султан Досалиев
Фото Султан Досалиев. Садыр Жапаров Европарламенттин делегациясы менен жолукту

Садыр Жапаров өлкөгө сапар менен келген Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макалистер баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бидирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатында Евробиримдиктин өзгөчө ордун эске салып, эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелер ишеним жана достуктун негизинде өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров 31 жыл аралыгында эки тараптуу кызматташуу дээрлик бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде парламенттер аралык мамилелердин бекемделгенин билдирди. Ал ЕБ менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүттөнөрүн жана кол коюуну күтүп жаткан Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун негизги ролун белгиледи.

Бул кызматташтыктын негизги багыттарынын бири экономиканы өнүктүрүү болуп саналат.

Өз кезегинде Европарламенттин Төрагасы Дэвид Макалистер Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, саясий, экономикалык чөйрөлөрдө, аймактык маселелерди чечүүдөгү эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана азыркы деңгээлине канааттануусун билдирди. Мындан тышкары, ал Европарламент Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүү менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана тереңдетүүгө даяр экенин айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Европарламенттин делегациясынын башчысы кыргыз тарапты Брюсселге иш сапары менен барууга чакырганын ырастады.

«Европарламенттин төрагасы Дэвид Макалистер Президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон маанилүү ролун жана чоң салымын баса белгиледи. Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даярдыгын ырасташты», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар