«Кыргыз Республикасынын президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы 2022-жылдын 15-августунда «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол коюп, 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи Элдик Курултай 1 074 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.
«Жарлык Элдик курултайдын укуктук статусу жана анын ишмердүүлүгүнүн принциптери менен байланышкан маселелер жөнгө салынганга чейинки мезгилде чыгарылган. «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенине байланыштуу өткөн жылдын 15-августундагы жарлык, ошондой эле 2022-жылы 25-ноябрда өткөн элдик жыйындын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду», — деп айтылат маалыматта.