12:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
 
Депутат Борбордук шайлоо комиссиясына анын ыйгарым укуктарын токтотуу арызы менен кайрылды.
 
«Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты.
Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен мандатымды тапшыруу чечимин кабыл алдым», — дейт ал.
 
Жаныбек Абиров чечимди кабыл алуу оңой болбогонун белгилейт.
 
«Анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм. Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын», — дейт эл өкүлү. 
Эң көп окулган жаңылыктар