14:53
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Март элдик революциясынын 18 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Март революциясына карата кайрылуу жасап, 2005-жылдын 24-марттындагы окуяны өлкөнүн соңку тарыхындагы орчундуу окуя катары баалады.

Анын айтымында, кыргыз эли көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин эркиндикке умтулуусун дүйнө жүзүнө бир нече ирет көрсөткөн.

«Ал эми март революциясында бийликтин жалгыз булагы эл экенин тарых алдында дагы бир ирет тастыктап берди. Себеби кан-жанында эркиндик, эгемендик ойногон кыргыз эли — адилетсиз башкарууга эгерим баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл. Биз Кыргызстандын эгемендик жылдарында өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында бурулуш катары кирген олуттуу окуялардан дайым сабак алышыбыз кажет», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар