02:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

— Украиналык аскерлер Херсон облусундагы корнонуунун биринчи чегинен өткөнүн билдиришти. «Каховка» ыкчам аскерлер тобунун өкүлдөрү маалымдагандай, ДНРдин 109-аскер бөлүгү жанааларга колдоо көрсөтүп жаткан россиянын десант аскерлери ээлеген позициясынан чегинди.

«Громадське» басылмасы билдиргендей, жогоруда айтылган маалымтты түштүктөгу Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү үч булак тастыктады. Россиялык жана пророссиялык күчтөрдүн чегингендигин «Юг» Коргоо күчтөрүнүн басма сөз кызматынын жетекчиси Наталья Гуменюк да тастыктады.

РФ Коргоо министрлигинин брифинги:

  • Херсон облусунун Нововоронцовка аймагында 70ке жакын улутчул өлтүрүлдү;
  • Днепропетровск облусунун Марганец калктуу пунктунда «Айдар», «Азов» жана геркоргоо батальондорунун аскерлерине чабуул жасалып, 100дөн ашуун жоокер каза болду;
  • Донецк облусунун Бахмут районунда Украинанын Куралдуу күчтөрү жана «Кракен» батальонуна чабуул жасалып: 30дан ашуун адам каза болуп, 50дөн ашуун украиналык жоокер жаракат алды;
  • сутка ичинде Запорожский облусу менен ДНРде эки украиналык Су-25, алты пилотсуз учак атылып түшүрүлүп, үч баллистикалык «Точка-У» ракетасы жана «Ольха», HIMARSтин 21 ок-дарысы кармалып алынды.

— сутка ичинде украиналык аскерлер ДНР аймагын 47 жолу аткылап, 242 ок чыгарды, 2 жаран каза болуп, 10 адам жаракат алды, деп билдирет Украинанын аскердик кылмыштарына байланыштуу маселелерди көзөмөлгө алуу боюнча республиканын биргелешкен борборунун өкүлдөру.

— Херсондо россиялык аскерлер жайгашкан Улуттук гвардиянын бөлүмдөрүнө чабуул жасалды. «Суспильне» корреспонденттери билдиргендей, 29-августта таң эртең менен катуу жарылуулар болду. Шарап заводунун аймагы түтөп жатат.

— Харьковду кассеттик ок-дары менен аткылашты, деп билдирет жергиликтүү бийлик. Облусттук администрация жетекчиси Олег Синегубов маалымдагандай, шаардын Киев районундагы турак жайлар аткыланды, бир адам жаракат алды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы:

  • россиялыктар чалгындоо үчүн пилотсуз учактарды активдүу пайдаланууда, артиллериялык аткылоолорду улантып, Украинанын көзөмөлүндө турган калктуу пункттарды аткылап жатат;
  • Славян багытында россиялык аскерлер Долина калктуу пунктунда чалгындоо чабуулун жасап, Богороничныйды басып алуу аракетин жасады. Бирок ийгиликке жетишпей, чегинди;
  • Бахмут багытында россиялык аскерлер Кодема жана Зайцеванын жанында чабуулга өттү, бирок аларды украиналык аскерлер токтотту;
  • Авдеев багытында Россия армиясы тактикалык абалын жакшыртуу максатында Биринчи Май районуна чабуул жасап, бирок токтотулду.

«Миг-29, Су-27 жанаСу-25 сыяктуу Украинанын мурунку аба кучтөрүнүн анча-мынча квалификациялуу курамы россиялык аскерлеринин эффективдүү чабуулунан кийин жок кылынды», — деп ТАССка аскер-дипломатиялык булагы билдирди.

Анын айтымында, Батыштын Киевге Совветтер Союзу чыгарган жаңы учактарын беребиз деген убадасы убада бойдон калат окшойт.

Запорожский АЭСиндеги кырдаал

— АЭС жайгашкан Запорожский облусундагы Энергодар шаары кайтадан аткыланды«, —деп билдирет «Би-би-си».

Украиналык шаар мэри Дмитрий Орловго шилтеме жасап, шаарды россиялык армия аткылап жатканын маалымдады агенттик.

Россиялык агенттиктер берген маалыматка ылайык, Энергодарды украиналык аскерлер аткылаган, жаракат алгандар бар. Белгилей кетсек, март айынан бери шаар Россиянын көзөмөлүндө.

— Запорожский АЭСи менен Энергодарды «Украина Куралдуу күчтөр аскерлери» акыркы апта ичинде аткылоосу 70 пайызга өскөн, — деп билдирет Запорожский облусунун администрация кеңешинин жетекчиси Владимир Рогов.

Айтымында, 15-августтан 21-августка чейин 23 жолу, ал эми 22-августтан 28-августка чейин 38 жолу аткыланган.

— МАГАТЭнин эксперттери Запорожский АЭСин көрүп келүүгө даярданып жатышат.

«Бул күн да келди. МАГАТЭ миссиясы келе жатат», — деп Twitterге агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси жазып чыкты.

Анын айтымында, эксперттер Запорожский АЭСине «ушул аптадан кеч калбай» бармакчы.

Россияга каршы санкциялар

— Евросоюзга киирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Россия жарандарына шенген визасын жеңилдеткен жол менен берүү тартибин жоюп салуу идеясын колдоп чыгышты, деп жазат Financial Times гезити.

РФ менен ЕС ортосундагы визаны жеңилдетилген жол менен берүү келишими 2007-жылдан бери колдонулуп келген. Бул макулдашууну жокко чыгаруу Россия жаранары виза үчүн 35 евро эмес, 70 евро төлөйт дегенди билдирет. Мындан тышкары бюрократиялык процедура да татаалдайт, мурдагыга караганда көбүрөөк документ чогултуу керек, демек визаны караштыруу мөөнөтү да узармакчы.

— Шведциянын телеком шаймандарын чыгарган Ericsson компаниясы Россиядагы баардык өкүлчүлүктөрүн ушул жылдын соңуна чейин жапмакчы. «Коммерсант» жазгандай, компания байланыш операторлорунун түйүндөрүндө шаймандарга техникалык колдоо көрсөтүп жаткан кызматкерлеринин санын кыскартмакчы.