13:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

— Россиянын коргоо министринин билдирүүсү

«Николаево-Криворожский жана башка багыттарда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн (УКК) чабуулдары уланууда, душмандын кыйла жоготуулары бар», — деди Сергей Шойгу селекторук жыйында деп жазат «Интерфакс».

  • 18-июлдан тарта УКК Запорожский АЭСин 29 жолу аткылап, 120 артиллериялык ок чыгарып, 16 дрон-камикадзени пайдаланды.
  • ЗАЭСте Россиянын оор куралдары жок, станциянын коопсуз иштөөсү үчүн бүт аракеттер көрүлүүдө.
  • УККнын 174 башкаруу пункту акыркы айдын ичинде Украинада жок кылынды.
  • «атайын операция» башталгандан бери Украинада 2 миң 831 чет өлкөлүк жалданма аскер набыт болду.

— Америкалык Согушту изилдөо институтунун маалыматы

  • Украиналык аскерлер Херсон облусунун тылында жайгашкан россиялык аскерлерге жана негизги позицияларга чабуул жасоодо.
  • Россиялык аскер блогерлери берген маалыматка ылайык, украиналык күчтөр Херсон облусунун батышындагы төрт багыт боюнча чабуул жасоодо.
  • Россиялык аскерлер Донецк, Бахмут жана Славянскийди аткылашты.
  • Россия Донбасска жөнөтүү үчүн Үчүнчү армиялык корпусун түзүүнү улантууда.
  • Россиялык аскерлеринин жеңилип, украиналыктар каршылык көрсөтүп жатканынан улам Россиянын көзөмөлүндөгу аймактарда референдум өткөро албасына жергиликтүу бийликтин көзу жетти.

— УКК Башкы штабынын маалыматы

  • Авдеевский багытында россиялык аскерлер Опытное, Первомайское жана Невельскоего чабуул жасап, Авдеевка жана Красногоровка калктуу пункттарын басып алуу аракетин жасады. Ийгиликсиз.
  • Бахмут багытында россиялыктар Веселая долина жана Майорскийге чабуул жасашты. Украиналык күчтөр аларды чегинтти.
  • Потемкино калктуу пунктун басып алуу убагында Южнобужский багытында россиялык аскерлер чабуулун убактылуу токтотту.
  • УКК Харьков облусундагы күйүүчү май сакталган кампаны жана Херсон облсундагы Гаврийскийде жайгашкан россиялык күчтөрду аткылады. 20 аскер техникасы жок кылынды.

— Херсонго контрчабуул жасалгандан кийин Киев калыбына келе албайт, деп жазат британ гезити Evening Standard. Анын пикиринде, УКК аракеттери стратегиялык мүнөздө эмес, символикалуу. Аскер кеңешчилери каршы болгонуна карабастан Владимир Зеленский буга барды. Гезиттин ою боюнча, Украина президенти союздаштары, өзгөчѳ УККнын алдыга жылуусун байкабаган Евробирмдигинин колдоосунан кол үзүүдөн коркот.

Запорожский АЭСиндеги МАГАТЭ миссиясы

  • ЗАЭСтин физикалык бүтүндүгү бир нече жолу бузулган, деп билдирди МАГАТЭ жетекчиси Рафаэль Гросси. Ал атайын жасалдыбы же капысынан болдубу, азыр баамдоо татаал. «Кырдаал турукташмайынча станциянын коопсуздугуна тынчсызданабыз», — деди Рафаэль Гросси.
  • Бүгүн МАГАТЭ адистери ЗАЭСтин авариялык системалар, дизель генераторлору, блоктук калкандар жана башка элементтерди текшерип чыгышты. МАГАТЭ кызматкерлери жагдайды балоо үчүн 4 же 5-сентябрга чейин станцияда болушат деп жазат Sputnik.

Россия фейктер менен күрөшүүдө

Россияда армия жана Украинадагы атайын операция боюнча фейктерге карата 100 кишиге кылмыш иши козголду. Булардын көбү 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн деп жазат Deutsche Welle «Агора» эл аралык укук коргоо тобунун жетекчиси Павел Чиковго шилтеме жасап.

Тогуз кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыкты:

  • Муниципалдык депутат Алексей Гориновду сот 7 жылга кести, бул мыйзам боюнча ушул иш биринчи сот өкүмү болду;
  • Тюмень тургуну бир жылга кесилди;
  • Эки киши түзөтүү иштерине жөнөтүлдү;
  • Эки бир миллион жана үч миллион рублге жаза пул төлөөгө өкүм кылынды;
  • Экөө болжолдуу түрдө эркинен ажыратылды.

Россияга каршы санкциялар жана алардын кесепети

— Украина конфликтин создуктуруудүйнөдөгү энергоресурстар менен азык-түлүктүн жетишсиздигин тереңдетет, андан соң 2018-жылдагы глобалдуу экономикалык кризистен да өткөн кризиске алып келиши мүмкүн, дейт ВТО жетекисинин мурдагы орун басары И Сяочжунь.

«Азыр дүйнө экономикасында инфляциянын стагфляциясы, карыздар, пайыздык үстөктөрдүн өсүшү байкалууда», — деп жазат РИА Новости.

— Россиялык таксопарктар унаа жана кошумча тетиктердин жетишсиздигине душар болду, ошондуктан «Яндекс.Такси» «АвтоВАЗу» заводуна кайрылып, унаа берүүнү суранды, дейт Forbes.

— Норвегиянын Equinor компаниясы Россиядагы долбоорлордон чыгып кетти. РФтен толугу менен кеткен бул биринчи мунай газ компаниясы болду. Бул компаниясы «Роснефтинин» ири чет өлкөлүк инвестору эле, деп жазат Би-Би-Си.

— Германия Россиядан газ импорттоодон толугу менен баш тарта албайт, деди ФРГ канцлери Олаф Шольц. «Газ менен камсыздоо маселесин чечебиз. Россиядан аз болсо да, газ келет, ошондуктан бул маселени чечүү кыйла татаал болчудай. Жашообузду кыйындатпай эле коелучу», — деди ал Эссен тургундары менен жолугушууда.

Эң көп окулган жаңылыктар