02:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

—Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы берген маалыматка ылайык, 1-сентябрга карата россиялык аскерлердин аракеттеринен улам 2 миң 405 билим берүу жайлары жабыркады. Алардын 270и толугу менен жок кылынды.

— Украинанын Башкы прокуратурасы билдиргендей, 2022-жылдын 1-сентябрында 1 миң 116дан ашуун бала жаракат алып, 380 набыт болды, 736дан ашуун бала ар түрдүү жаракат алды.

Россиянын Коргоо министрлигинин брифинги:

  • 1-сентябрь күнү таң эртеден украиналык аскерлер МАГАТЭ эксперттеринин Запорожский АЭСине келүүсүнө тоскоолдук кылуу аракетин жасаштыТолук маалымат бул жерде.
  • Николаево-Криворожский багытында чабуул жасоо аракеттери жүрүп жатат, бирок ийгиликсиз.
  • Россиянын авиациясы, ракета аскерлери жана артиллериясы украиналык аскерлердин резервдерине чабуул жасады. Сутка ичинде душмандар 31 танк, 22 аскер унаасы, 18 калкандуу унаа, 8 пикап, 17 атайын техника жана 350 аскеринен кол жууду.
  • Русские Тишки калктуу пунктунда украина аскерлери Харьков багытында чабуул жасоо аракетин көрдү. Алар 50дөн ашуун аскрин жоготту. Тирүү калган 56 адам Харьков тарабына чегинүү аракетин жасады. Салтановканын түндүк-батышында 14-бригаданын аскерлерин «Кракен» улутчулдук бирикмелер аткылап, аскерлердин көбү набыт болду.
  • ДНРдин Часов Яр калктуу пунктунда жайганшкан 93-механикалык бригадасы аткылангандан кийин, 100дөн ашуун улутчул каза болуп, 15 аскер техникасы талкаланды. ДНРдин Артемовский районундагы 73-бригаданын жеке курамы чоң жоготууларга дуушар болгондон кийин жетекчисинин буйругун аткаруудан баш тартып, тылга чыгып кетти.
  • Украина аймагын авиация, артиллерия жана ракеталар менен аткылоо уланууда. Сутка ичинде төрт башкаруу пункту жок кылынды, алардын ичинде: Харьков облусунун Кутузовкасындагы 14-механикалаштырылган бригада, 93-бригаданын командалык байкоо пункту жана 144 райондо орун алган 59 артиллериялык бөлүмдөр.
  • ДНРдин Часов Яр жана Артемовскийде пилотсуз учактар менен эки башкаруу пункту жок кылынды. Херсон облусундагы Андреевкада америкалык М777 гаубицалары талкаланды. Запорожский облусунун Дорожнянка, Малиновка, Николаевск облусунун Кавказ, Березнеговатое, Жовтневое, Великое Артаков, ДНРдин Новоукраинка ДНР менен Днепропетровск облусундагы Коломийцыде жайгашкан сегиз ок-дары сактоочу кампа жок кылынды.
  • Сутка ичинде Харьков облусунун Яковенково, Волчий Яр, Шпаковка, Кисловка, Глинское, Капитоловка, Херсон облусунун Петровка менен Любимовка калктуу пункттарында абадан сегиз пилотсуз учак атып түшүрүлдү.
  • Херсон облусунун Безымянное районунда «Точка-У» баллистикалык ракетасы, Музыковка, Знаменка, Веселое, Каменка, Дарьевка, Новая Каховка, Берислав, Днепряны жана Томарино райондорунда 48 реактивдуу системасы, анын ичинде 44 РСЗО HIMARS ок-дарысы кармалып алынды.
  • Антоновский көпүрөсүнүн жанында АКШ жасаган эки AGM-88 HARM ракетасы атылып түшүрүлдү.

Украинанын Куралдуу күчтөр башкы штабынын маалыматы:

  • Россиялык аскерлер Донецк облусун толугу менен көзөмөлгө алуу үчүн, ошондой эле басып алган Луганск, Донецк, Херсонск, Харьковск, Запорожск жана Николаевск облустарын сактап калуу үчүн бүт күчүн жумшоодо.
  • Украинанын аймагындагы жарандык жана аскердик объектилерге авиациялык жана ракеталык чабуулдар уланууда.
  • Беларустун куралдуу күчтөр бөлүктөрү Брест жана Гомель облусттарындагы беларус-украина чек арасын бекемдөө боюнча колган максаттарын аткарууда. Беларустан ракета жана авиациялык чабуул жасоо коркунучу сакталууда.
  • Сиверск облусунда россиялык аскерлер Брянск жана Курск облустарындагы чек ара райондорун кармап турууда. Алар артиллерияны пайдаланып, Чернигов облусунун Камянская Слобода жана Зализный көпүрөсүндөгү жарандык жана аскердик инфраструктураны аткылашты.
  • Харьков багытында танк, аскер унаалары, реактивдүү артиллерия менен Кленове, Деменциивка, Руски Тышки, Великие Проходы, Петровка, Перемоха, Байрак, Шевеливка калктуу пункттарында аскерлер жана жарандык объектилер аткыланды. Пилотсуз учактарды пайдалануу менен чалгындоо иштери жүрүп жатат.
  • Славян багытындагы Краснопилья, Вирнопилья жана Грушуваха калктуу пункттары танк, артиллерия жана МЛРС менен аткыланды. Пилотсуз учактар менен чалгындоо жүргүзулду.
  • Донецк багытында согуштук аракеттер активдүу жүрүүдө, өзгөчө Бахмут жана Авдеевск багытында. Тактикалык абалын жакшыртып, абадан чалгындоолор жүрүп жатат.
  • Краматорский багытында ракеталык артиллерия менен Райгородок, Берестове, Роздоловка, Тетяновка, Малая Пискуновка, Верхньокамянское, Ивано-Дарьевка, Сиверск калктуу пункттар аткыланды.
  • Бахмут багытында Бахмутске, Соледар, Яковловка, Майорск, Дилиивка калктуу пункттарынын аскердин жана жарандык инфраструктурасы аткыланды. Жоо Весела Долына жана Зайцево калктуу пункттарын басып алуу аракетин жасады.
  • Авдиевск багытында реактивдүү артиллерия жана танктар менен Опытне, Первомайское, Нью-Йорк калктуу пункттары аткыланды. Времивка, Нескучне, Олександропил калктуу пункттарына абадан чабуул жасалды.
  • Новопавловск багытында танк, артиллерия жана ракеталар менен Золота Нива калктуу пунктунда жайгашкан украиналык аскерлер аткыланды. Марьинка калктуу пунктуна абада чабуул жасалды. Россия армиясы Водяне айылын басып алуу аракетин жасады, бирой ийгиликсиз.
  • Запорожский облусунда реактивдүү артиллерия жана танктар менен Новополь, Ольховское, Уляйполе, Новоданыловка, Новояковловка, Дорожнянка, Зелене Поле калктуу пункттарында жайгашкан Украинанын коргоочуларынын позициялары аткыланды.
  • Южнобухский багытында душмандар ээлеген позицияларын сактап калуу аракетин көрүүдө. Танк жана реактивдүү артиллерия менен аткылоолор жүрүп жатат.
  • Степова Долина, Новомиколаевка, Степове, Партизанское, Андриивка, Мирне, Прибузьке, Николаевка, Зоря, Луч, Ивановка, Князунка калктуу пункттарындагы аскердик жана жарандык инфраструктура аткыланды. Аатлган багыттарда пилотсуз учактар менен активдүу чалгындоо жүруп жатат. Душмандар аскерлеринин материалдык-техникалык колдоосун калыбына келтирүу аракетин көрүүдө.
  • Кара деңиздин түндүк-батыш тарабында думшандардын кеме топтору чалгындоо жүргүзуп, жарандык кемелерге бөгөт салуу аракетинде.

Украиналыктарды зордоп көчүрүү жөнүндө баяндама

Human Rights Watch укук коргоочу уюм «Аргабыз жок эле: Тандоо жана аскердик кылмыштар, украиналык жарандарды зордоп Россияга көчүрүү» аттуу баяндамасын жарыялады. Анда, аскердик аракеттер башталгандан бери россиялык аскерлер Украинадан жарандарды зордоп оккупацияланган аймактарга же Россияга көчүрүлгөну айтылат. Мындай аракеттер согуш мыйзамын одоно бузуу жана аскердик кылмышка жатаары жазылат документте.

Укук коргоочулардын баяндамасындагы негизги маалыматтар:

  • Зордоп көчүрүлгөн Украина жарандарынын басымдуу копчүлүгу Мариуполь жана Харьков облусунда жашаган.
  • Россиялык расмий адамдар украиналыктарга басым жасап, оккупацияланган аймактарга жана Россияга көчүүгө мажбурлап, башка аргаңар жок, дешкен.
  • Жеке унаасы бар Мариупольдун тургундары Украина көзөмөлдөгөн аймактарга өз алдынча чыгып кете алган. Калгандары россиялык тарап уюштурган эвакуация үчүн автобустар менен кетип, кийин фильтрацияда өткөн. Мариупольдон качакан көпчүлүк украиналыктар салгылашуу жүрүп жаткан райондордон өтүүгө аргасыз болуп, россия армиясы ачкан блоктордон өтүп, аларды тинтишип, суракка алышкан.
  • Россияга же оккупацияланган аймактарга жөнөтүлгөндөр фильтрация жана сурактан өтүшкөн. Негизи, фильтрация жана суракка алуу процесси деген жазалоо жана кемсинтүү мүнөзго ээ болгонун белгилешет HRW. Россиялык бийлик фильтрация убагында украиналыктардын жеке жана биометрикалык маалыматын чогултуп, телефонундагы маалыматын көчүрүп алып, кат жазышуу жана соцтармактагы маалыматтарды текшерип турган.
  • Фильтрациядан өтпөгөндөр украиналык армия менен байланышы бар деп шектелип, ДНРге жөнөтүлгөн. Алардын көбү тууралуу дагы деле маалымат жок.
  • Харьков облусунун чыгышында, Россия менен чектеш украиналык айыл тургундарын зордоп Россияга алып кетишкен. Сөз Липцы, Русская Лозовая жана Тернова айылдары тууралуу болуп жатат. Русская Лозовая айылынын 70 жаштагы тургуну, россиялык аскерлер аны үйүнөн кетүүгө чакырып: «Биздин убагыбызда жашадың, украиналык армия келсе, сени жазалайт», деп айтышыптыр.
  • Россияга келгендердин көбу үй-бүлөсүнөн кол үздү, себеби аларды Россиянын ар кайсы бурчтарына жөнөтүшкөн.
  • Россияга келген айрым украиналыктардан алар украиналык күчтөр жасаган кылмыштарга күбө болдум деген документтерге кол коюну талап кылганын алар Human Rights Watch кызматкерлерине айтып беришкен.

Запорожский АЭСиндеги абал

Бейшемби күнү атом энергетикасы боюнча БУУ эксперттерироссиялык аскерлер көзөмөлгө алган Запорожский АЭСине чыгып кеткенин билдирди ВВС. Алар согуш аракетинен улам АЭСке келтирилген зыянды баалашат.

Украина Тышкы иштер министрлиги МАГАТЭ комиссиясы өтө турган тарапты аткылоону токтотуу суранычы менен Россияга кайрылды.

«милдеттемелерди бузуп, россиялык армия МАГАТЭ өтүүчү жерди аткылап жатат. Россия бул аракеттери токтотуп, МАГАТЭге жол ачуусу керек», — деп жазат Twitterге Украина ТИМинин спикери Олег Николенко.

Зеленскийдин поляктарга кайрылуусу

Украина президенти Владимир Зеленский Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын жылдыгы боюнча Польша элине кайрылуу жасады.

Анын айтымында, 1939-жылдын 1- сентярында саат 4.00 чамасында Польшанын Велюнь шаарына Германия нацисттери тарабынан бомба ташталды. Согуш башталды. Зеленский ошондогу окуяны 2022-жылдын 24-февралында россиялык аскерлер украиналык калктуу пункттарын аткылай баштаган окуяга салыштырды.

«1-сентябр, 22-июнь жана 24-февралдагы окуялар кайталанбашы үчүн биз бүт күчүбүздү жумшайбыз. Эч качан. Жек көрүу жеңилгидей кылабыз», — деди Владимир Зеленский.

Билим берүү күнү

Билим берүү күнү, 1-сентябрда Украинанын талкаланган мектеп жана университеттеринин сүрөттөру соцтармактарга жарыяланда. Ал сүрөттөр менен өлкө президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram-каналында бөлүштү.

«Буткүл Украина боюнча ондогон университеттер, жүздөгөн мектептерди оккупанттар талкалады. Алар бизди откөн чагыбыз, тарыхыбыз, маданиятыбыз жана билимибизден кол үздүрөйүн дешти. Бирок ойлорун таш капты.

Биз жашай беребиз. Өнүгөбүз, өсөбүз, жаңыны таанып, билим алып, чымырканабыз. Эң негизгиси — биздин украиналык келечегибизди курабыз. Эркин жана көз карандысыз», — деп жазды өлкө президенти.