10:37
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров Украина боюнча: Биздин позиция эч нерсени чечпейт

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча жыйынында сүйлөп жатып Жапаров Украинадагы окуяларды согуш деп атап, Кыргызстан аны токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөрүн айтты.

«Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм. Биз — чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бизге эки эл тең жакын. Биз боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан бул согуш токтошуна колубуздан келген аракетибизди жасайбыз», - деди ал. 

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Кремль муну согуш деп атабастан, «Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо» боюнча атайын операция деп гана атоодо. Украина бийлиги Орусиянын кол салуусун баскынчылык согуш деп атап келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы окуяларды агрессия деп атаган резолюциясын 141 өлкө колдогон. Добуш берүүдөн карманган 35 өлкөнүн бири Кыргызстан болгон. Орусияны өзүнөн башка төрт өлкө — Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея колдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар