10:38
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы:

  • Бирлик күчтөрүнүн чабуулунан улам Украинанын 14-механизациялык бригадасы эки миңден ашуун аскерин жоготту.
  • Опытное жана Невельское калкттуу пунктарында Украинанын 56-мотопехоталык бригадасынын жоготуулары 70 пайыздан ашты. 23-батальондун жеке курамы толугу менен салгылашуу жүрүп жаткан жерлерден тылга чыгып кетти.
  • Атышуулардан улам 66-механизациялык бригаданын 3-батальонунун жоготуулары 50 пайыздан ашты.
  • Украинанын аймагында абадан, ракета менен жана артиллериялык аткылоолор уланууда.
  • Су-35С учагынын экипажы Украинанын аскердик инфраструктура объектилерин абадан аткылоону улантып жатат.

Украина Башкы штабынын маалыматы

  • Душмандар абадан жана ракеталар менен Украинанын аймагындагы аскердик жана жарандык объектилерди аткылоону улантууда.
  • Россиялык авиация топтору жердеги аскер топторуна колдоо көрсөтүп, негизги күчтөрүн Донецк тарапка багыттоодо.
  • Волынск, Полесский жана Северский багыттарындагы абал өзгөрүүсүз.
  • Харьков багытында РФ аскерлери реактивдүү артиллерияны пайдаланып аткылады.
  • Славянский багытында аткылоолор уланууда.
  • Краматорский багытында бир нече райондор реактивдүү артиллерия менен аткыланды.
  • Горловка — Зайцево багытында душмандардын чабуулу бир аз ийгиликтүү өттү.
  • РФ аскерлери Ивано-Дарьевка, Выемка, Бахмут, Веселая Долина жана Кодем тарабына чабуул жасап, бирок чегинди.
  • Авдеевский багытында артиллериялы аткылоо болду.
  • Душмандардын кеме топтору чалгындоого чыгып, жарандык кемелерди өткөрбөй, Кара деңиздин түндүк-батыш тарабындагы аскер объектилерин аткылады.

*Аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.

Украина Улуу Британиядан (РСЗО) M270 MLRS (Multiple Launch Rocket System) ок атуу системасын алды. Бул тууралуу республиканын коргоо министри Алексей Резников Twitter баракчасында билдирди.

Сунуш кабыл алынган жок

Россиянын аймагында Украина кызыкчылыгын көрсөтөлү деген Швейцариянын сунушун Москва четке какты. Россиянын ТИМи билдиргендей, Швейцария нейтралдык макамын жоготуп, ортомчу да, Россиянын аймагында Украинанын кызыкчылыгынын өкүлү да боло албайт.

Россия ТИМинин маалымат жана басма сөз департаментинин жетекчи орунбасары Иван Нечаевдин айтымында, Берн Россияга каршы санкцияларга кошулуп, Киевдеги тартипти колдойт.

Буга чейин Швейцария менен Украина сүйлөшүп, Швейцария Украина кызыкчылыгын Россияда билдирүу тууралуу макулдашып, Москвага тийешелүү сунушун жолдошкон.

Запарожск АЭСи дагы деле өзгөчө көңүл чордонунда


БУУагы Россиянын такая өкүлү Василий Небензя Украинанын Запорожьедеги АЭСти аткылоосу жөнүндө:

  • МАГАТЭ эксперттери Запорожск АЭСин августтун аягына чейин келип көрүп кетээрине Россия үмүттөнөт.
  • АЭСтеги радиациянын деңгээли азырынча өз нормасында, бирок Украина станцияны аткылоосун алынтса, кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн.
  • Жөнөкөй логика менен талдасак, Россияга АЭСти аткылоо да, өзүн өзү аткылоонун да кереги жок.
  • АЭСке болгон сокку Днепропетровск облусу тарабынан жүрүп жатат.

Владимир Зеленскийдин айтымында, россиялык аскерлерди Запорожский АЭСинен кууп чыгуу боюнча дүйнө жүзү реакция бериши керек.

«Бул глобалдык кызыкчылык, жалаң гана Украинанын муктаждыгы эмес. Россия толугу менен Запорожский АЭСинин аймагынан кетип, Украина станциядагы кырдаалды толугу менен өзү көзөмөлгө алганда гана бүткүл Европа үчүн ядерлик коопсуздук кепилдиги түзүлөт», — деди ал.

Украина менен Россия Запорожский АЭСин аткылоо күнөөсүн бири бирине жүктөөдө. АЭСти аткылоо маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынында да талкууга алынган.

Россиянын көзөмөлүндө

Украинадагы атайын операция башталганан бери $12,4 триллион суммасындагы кен байлыктар чыгуучу жерлерди өз көзөмөлүнө алды, деп жазат The Washington Post гезити канадалык SecDev аналитикалык компаниясынын маалыматтына шилтеме жасап.

Гезит берген маалыматка ылайык, Россиянын көзөмөлүндө Украинанын 63 көмүр чыгуучу кени, мунайдын запастарынын 11 пайызы, жаратылыш газынын 20 пайызы, темир кенинин 42 пайызы жана сейрек кездешүүчү кендердин үчтөн бир бөлүгү турат.

Мындан тышкары Украина уран жана алтын казуучу ири кендеринен кол жууду, деп жазылат маалыматта.

Санкциялар

Украина АКШга кайрылып, Россиянын жеке банкатыра санкция киргизүүнү суранды. АКШнын Каржы министрлигине табыштаманы Украинанын Вашингтондогу элчиси Оксана Маркарова жолдоду, деп жазат Bloomberg.

«Санкциялар курал-жарак сыяктуу эле өтө маанилүү», — деди дипломат. Анын айтымында, ар бир россиялык банк чектөөлөрдүн мыйзамдуу максаты, себеби алар аскердик кампанияны каржылоого активдүу катышууда.

Ошондо Киев Москванын атайын операция жүргузүү боюнча каржылык мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коймакчу.

2023-жылдагы Евровидение Улуу Британияда өтөт

Сынактын эрежеси боюнча, жаңы конкурс Евровидениенин өткөн сынагынын жеңүүчүлөрү жашаган өлкөдө өтөт. 2022-жылы байгени украиналык Kalush Orchestra утуп алган. Евровидениенин уюштуруучулары июнь аыйнда эле, согу болуп жаткан өлкөдө сынак өткөрүү мүмкүн эместигин айтышып, сынакта экинчи орун алган Британияга котороорун билдиришкен.

Сынактын тизмесине Англиянын алты шаары кирди — Бирмингем, Лидс, Ливерпуль, Манчестер, Ньюкасл, Шеффилд и Глазго, деп билдирет уюштуруучулар.

Акыркы чечим күзүндө кабыл алынат.

Украина ырчылары автоматтык түрдө мынайча айтканда «Чоң бешилтик» менен бирге Гранд-финалга киришти, бул тизмеге Улуу Британия да кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар