00:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Financial Times: Centerraда түзүлгөн кырдаал эл аралык санкцияларга алып келет

Financial Times эл аралык ишкер гезити Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине байланыштуу макала жарыялады.

Гезит берген маалыматка ылайык, Centerra Gold канадалык компаниясы жылына 510 унция алтын берүүчү «Кумтөр» кенин улутташтырууга байланыштуу Бишкектин кийинки кадамдарына тоскоол кылуу максатында арбитраждык сотко доо арызы менен кайрылган.

«Жылдын башынан тарта Кыргыз Республикасынын жетекчилиги «Кумтөр» кени пайдаланылып жаткан негиздерге бут тосуу максатында ылдамдык менен аракеттенип, чыр-чатактын негизи болгон баардык маселелер боюнча биз менен кызматташуудан баш тартты», — деп Financial Times Centerra Goldдун башкы аткаруу директору Скотт Перринин сөзүн келтирет.

Centerraнын эл аралык арбитраж процессин баштоо чечими бүгүн Кыргызстан парламенти үч ай бою «Кумтөр» кенин көзөмөлдөө үчүн тышкы байкоочуларын дайындоосуна байланыштуу кабыл алынды. Өткөн дем алыш күндөрү Centerra кеңселеринде тинтүү жүрүп, документтер алынды.

Май айынын 10 күнү ичинде Бишкек канадалык компаниясына $3 миллиардга айып салып, $170 миллион салык төлөө боюнча доо арызын берип, былтыр бийликке келген Садыр Жапаровдун күчүн көрсөтүүсүнөн улам «Кумтөрдү» улутташтырууга жол ачкан мыйзамды кабыл алды, деп эсептейт гезит. Centerra экологиялык жана салыктык доо арыздарды талашып чыкмакчы.

Мындай кадамдар Кыргызстанда — Борбордук Азиядагы жалгыз демократиялык өлкөдө иштеп жаткан эл аралык каржы институттарын жана батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн тынчсыздандырды.

The Financial Times

Кыргызстанда алтын өндүрүү бюджет кирешесинин ири булагы болуп эсептелинет, ал эми «Кумтөр» болсо — ички дүң азыктарынын ири булагы.

Өткөн аптада Канада менен Улуу Британия биргелешкен билдирүүсүн жарыялап, анда «соода жана тике инвестицияларга таасир берүүчү чаралар кыргыз элинин ансыз деле морт экономикалык абалын ого бетер кыйындатаары» тууралуу өкмөткө эскертүү берди.

Пандемияда кыйналган Кыргызстан биринчилерден болуп Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондуна өзгөчө каржылоо сурап кайрылган.

«Кыргызстандын экономикалык абалы өтө начар жана тышкы колдоого толугу менен көз каранды. Эл аралык жооп катаал болот. Каржылоо токтотулса, Кыргызстандын көйгөйү көбөйөт. Өлкө баарынан кол жууп кала албайт», — дейт «Кумтөр» менен мурда байланышып, өкмөттө иштеген гезиттин булагы.

Парламент депутаты, «Кумтөр» боюнча жакында түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси жана мурунку экономика министри Акылбек Жапаровдун айтымында, жаңы администрация Centerra карата катуу чара көрмөкчү, себеби ал бизнес мыйзамга баш ийүүсүн кааларын көрсөткүсү келет.

«Мызам менен жашоого мезгил жетти, — дедил ал Financial Timesге, жана канадалык компанияны буга чейинки президенттин администрациясы менен сахна артындагы макулдашууларды жүргүзгөн деп айыптады. — Жогорку бийлик адамдары, президенттен тартып премьер-министрге чейинкилер биздин мыйзамдарды бузуп, биздин жерде жаткан алтынды казып алууга уруксат берип, сүйлөшүп алганы айкын».

Чет өлкөлүк серепчилердин айтымында, Centerraга карата аракеттер — өлкөнүн каржылык абалын жакшыртуудагы өкмөттүн кыска көз карашы, бул эл аралык санкцияларга алып келиши ыктымал.

«Жапаровдун өзүнө көз салгылачы, ал алдына максат койгон адам. Анын табити өстү. Буга чейин ал улутташтырууну кааласа, эми акча каалап жатат», — дейт өлкөдө иштеп, долбоор менен таанышкан гезиттин булагы.

Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бир нече долбоорлор боюнча иштеген Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы Kumtor Gold компаниясын мамлекет тарабынан сиңирүүсү боюнча да тынчсыздандыруу билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар