17:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Эпидемиологиялык кырдаал турукташа баштады

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташа баштады. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айтымында, бир оорулуу инфекцияны жугузуу саны бир көрсөткүчүнө жетти.

«Оорунун таркалышы басаңдай баштады. Бирок, ошондой болсо да арабызда вирус дагы деле бар. Ошондуктан эпидемиологиялык иш-чараларын токтотууга болбойт. Бет кап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонууну токтотпоңуздар», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар