08:26
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

— Херсондо аткылоолор жана жарылуулар уланууда.

— Харьковдун борбордук бөлүгүн аткылоодон кийин беш адам набыт болду (алгачкы маалымат). Дагы жети адам жаракат алды.

— Россиялык аскерлер Харьков облусун аткылагандан кийин эки аял каза болду — алардын сөөгүн Богодуховский районунан табышты. Изюм жана Чугуев райондорунда үч адам жаракат алды.

— Николаевскийдин мэри Виталий Ким берген маалыматка ылайык, шаарды аткылагандан кийин 24 адам жаракат алды.

— Жергиликтүу бийлик билдиргендей, россиялык аскерлер Днепропетровск облусунун Кривой Рог жана Донбасстын калктуу пункттарын аткылады.

— Славянскийдин администрациясы берген маалыматка ылайык, россиялык аскерлер аткылагандан кийин шаарда жайгашкан Кызыл Кресттин эвакуациялык базасы жабыркады.

РФтин Коргоо министрлигинин брифинги:

  • Сутка ичинде 48 танк, пехотанын 46 аскердик унаасы, 37 брондолгон унаа, пулемет орнотулган 8 пикап жок кылынып, 1,2 миңден ашуун украиналык аскер набыт болду;
  • Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өлкөнүн батышында жайгашкан 128-озүнчө тоолуу бригадасы талкаланып, беш аскер туткунга алынды;
  • Днепропетровск облусунун Алексанровка калктуу пунктунда убактылуу дислокация пункту талкаланып, ВСУ4 1-танк бригадасы ок-дары сактаган кампасы жок кылынды;
  • 200дөн ашуун аскер жок кылынды, алардын арасында 40 четөлкөлүк жалданма аскер, 20дан ашуун бронетехника жана бир топ артиллериялык ок-дарылар жок кылынды;
  • ДНРдин Константиновка районунда «Чет өлкөлүк легион» убактылуу аскер дислокациясына, «Кракен» командалык пунктуна ок атылып, жүздөн ашуун аскер каза болуп, жети аскер техникасы жок кылынды;
  • Кривой Рогдо «Интервзрывпром» заводунун цехи жок кылынды, ал жерде украиналык аскерлер үчүн жардыруучу ок-дары чыгарылчу;
  • Беш башкаруу пункту талкаланды. Алардын ичинде ДНРдин Водяное жана Запорожский облусунун Веселянка калктуу пункттарында жайгашкан 108 жана 65-механизацияланган бригадалары, Николаевка районундагы ВСУнун 35 жана 36-деңиз пехотасы, Харьковдогу улутчулдук бирикмелер, 52 артиллериялык бөлүктөр, 142 райондогу аскерлер жана техника бар эле;
  • Ровненск облусунун Сарны, Днепропетровск облусунун Кривой Рог жана Харьков облусунун Вернополье калктуу пункттарында жайгашкан ракеталык-артиллериялык кампалар жок кылынды;
  • Николаевск облусунун Красное Знамя калктуу пунктунда россиялык ПВО аскрелери Украинанын эки Су-25 учагын атып түшүрүштү;
  • ДНРдин Валерьяновка, Запорожский облусунун Чубаревка, Харьков облусунун Капитоловка, Изюм жана Красное калктуу пункттарында беш пилотсуз учак атылып түшүрүлдү;
  • Херсон, Новая Каховка, Антоновский көпүрөсү жана Каховский ГЭСинде абадан украиналык «Точка-У» аттуу үч ракетасы, 53 реактивдүу ок-дары, анын ичинде 44 — HIMARS, 5 — «Ольха» жана 4 — «Ураган» ок-дарылары жок кылынды.

ВСУнун Башкы штабынын маалыматы:

  • Сутка ичине Херсон облусунун Берислав, Высокополье жана Антоновкада жайгашкан россиялык ок-дары сакталган үч кампа жок кылынды;
  • Оккупанттар Запорожьени ракета менен аткылады;
  • Днепропетровск облусунда Никопольский, Днепровский жана Криворожский райондору «Градов», оор артиллерия жана ракеталар менен аткыланды. Автобекет, дүкөндөр жана балдар китепканасы талкаланды. Турак үйлөр, электротүйүндөр жана газ түтүктөрү талкаланды;
  • Николавеский облусу массалык түрдө аткыланып, турак жайлар талкаланып, 2 адам набыт болду, 24 адам жаракат алды;
  • Харьков облусунда чугуевск, Харьковск, Богодуховск жана Изюм райондору аткыланды. Үч адам жаракат алды;
  • Раздольный менен Северныйда эки жаран каза болуп, төртөө жаракат алды.

Алексей Ковалевдун өлүмү

Херсондун алдында душмандар тарапка качкан украиналык депутат Алексей Ковлев олтүрүлгөнүн Россиянын тергөө комитети тастыктады. Депутат Херсон облусундагы оккупациялык администрациясынын жетекчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Алексей Ковалев — Украина Радасынын депутаты, Россия тарапка өтүп кеткен. Ал Херсон облусундагы оккупациялык администрациясындагы жалгыз украиналык аткаминер эле, ал аймактан эгинди алып чыгууну жетектеши мүмкүн деп жазат ЖМК.

Ковалевдун набыт болгону тууралуу биринчи маалымат өткөн дем алыш күндөру пайда болгон. Дүйшөмбү күнү кечине бул маалыматты Тергөө комитети тастыктады.

«Баштапкы маалымат боюнча, Херсон облусунун аскер-жарандык администрациясынын айыл-чарба боюнча төрага орун басары Алексей Ковалев каза болду. 2022-жылдын 28-августунда ал жашаган үйгө кол салынган. Кылмышкерлердин колунан депутат менен жашаган кыз да каза болду», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Иран Россияга пилотсуз учактарын берди

Украинага каршы согушта пайдалануу үчүн Иран Россияга пилотсуз учактарынын биринчи партиясын жөнөттү, деп жазат Washington Post атайын кызматтарга жакын булактарына шилтеме жасап.

Mohajer-6 жана Shahed пилотсуз учактары 19-августта жөнөтүлгөн. Гезит берген маалыматка ылайык, учактарды сынап жаткан россиялык аскерлер андагы бир топ бузулууларды аныкташты.

Россия буга чейин Индия менен кызматташтыкта бронетехника жана суу астында сүзүүчү кемелерди жасоо боюнча кызматташууну пландаштырып жатканын билдирген.

Москва прокуратурасы Оксимирондун ырларын экстремисттик деп таанымакчы

Москванын прокуратурасы Oxxxymiron ырларын экстремисттик деп табууну талап кылууда.

Москванын Замоскворецкий райондук сотуна шаар прокурорунун милдетин аткаруучу Сергей Савенковдон доо арыз түштү. Анда Мирон Федоровдун (Оксиморондун каймана аты) ырларын экстремисттик деп табуу талап кылынган.

Мындай административдик талапка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Ырчынын өкүлдөрү бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

24-февралдан кийин Оксимирон Россиядан чыгып кетип, Украина качкындарын колдоо максатында кайрымдуулук концерттерин берүүдө.

МАГАТЭ Киевге келди

МАГАТЭ миссиясы Киевге келгенин CNN маалымдайт.

Запорожский АЭСине баруучу он төрт эксперт Украинанын ордо калаасына келишти. Миссия мүчөлөрүн Киевдеги мейманканалардын биринен күбөлөр көрүшту.

МАГАТЭ миссиясын агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси жетектеп, ал дагы ЗАЭСке бармакчы.

Россиялыктар үчүн ЕСке визаларды берүүнү токтотуу

Бүгүн Евросоюздун тышкы иштер министрлери Гимнич аттуу чех сепилине чогулмакчы. Талкууга алынуучу маселелердин бири — Россияга каршы санкцияларды күчөтүү. Financial Timesтын булактарынын бири билдиргендей, биринчи кадамы катары министрлер2006-жылдан бери аракеттенип келе жаткан ЕС жана РФ ортосундагы шенген визасын жеңилдетип алуу келишиминин аракетин токтотууну колдоо болмокчу.

Эң көп окулган жаңылыктар