14:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Болот Темиров байланышка чыкты. Журналист алдыдагы пландары тууралуу айтты

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө даттанууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал 24.kg сайтына өзү билдирди.

Журналисттин айтымында, аны кылмышкер-рецидивисттей эле өлкөдөн чыгаруу өкүмүн кабыл алышкан. Депортация процессине борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын жети-сегиз кызматкери, ошондой эле ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын (онунчу башкармалыгы) кызматкерлери тартылган.

«Мени төрт саат бою «Манас» аэропортунун милиция бөлүмүндө кармашып, Россиянын элчилиги аркылуу өлкөгө кайтаруу үчүн күбөлүк жасатууга аракет кылышты. Бирок милиция кызматкерлери бул нерсени кыла алышпай, мени документи жок, башка эки милиция кызматкерлеринин коштоосунда Москвага жөнөтүштү. Ал жерден соттун чечимин күтүүгө туура келди. Бишкек убактысы боюнча саат 1.00 чамасында жөнөтүлдү.

«Мени Россия Федерациясынын ФСБсынын чек ара кызматы суракка алып жатып болгон абалга таң калышты. Эмне үчүн мени өлкөдөн чыгарып жиберишкенин сурашты. Мага эч кандай дооматы жок эле Россиянын жаранындай мамиле жасашты деп жооп бердим.

Россиянын чек ара кызматкерлерине, 14 жыл мурун Кыргызстан паспортун туура эмес алган деген жалаа менен чыгарылганымды айттым. Мен Кыргызстанда Союз убагында төрөлгөнмүн. Чек арачылар анда эмне үчүн өлкөдөн чыгарылганымды түшүнө алышпады», — деди журналист.

Ал белгилегендей, Москвага документи жок учуп келсе да, чек ара кызматы база аркылуу бат эле табышкан. Болот Темировдо Россиянын паспорту жанында болгон эмес жана көптөн бери колдонбой жүргөн. Паспорту Бишкекте калган.

«Соттун чечимине каршы даттанам. Чечим мыйзамдын чегинде чыгарылбагандыгы ачык эле байкалып турат. Биз Кыргызстандын бардык сот инстанцияларынан өтүп, ишти эл аралык сотко беребиз» — деп баса белгилеп кетти Болот Темиров.

23-ноябрда соттун чечими менен журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылган. Сот өкүмү чыккандан кийин, укук коргоо органдар аны күч менен аэропортко жеткирип, учук менен Россияга жөнөтүшкөн.

Буга чейин Свердлов райондук соту Болот Темировду эки берене боюнча актаган. Жасалма паспорт боюнча эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен сот иши кыскартылып, ага жаза колдонулган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар