19:41
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Казакстан коңшуларына борбор азиялык Amazon түзүүнү сунуштады

Казакстан Борбор Азия аймагындагы өлкөлөргө Amazon, e-Bay, Alibaba жана AliExpress сыяктуу электрондук сооданын глобалдык платформасына чыгуу үчүн бирге аракет кылууну сунуштады.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул маселе Борбор Азияда соода эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча аймактык семинардын алкагында талкууланды. Тараптар борбор азиялык Amazon аталышындагы электрондук коммерциянын бирдиктүү платформасы боюнча концепция түзүүнү карап чыгууга даяр экенин билдиришти.

Иш-чаранын катышуучулары чек арада соода жана административдик формалдуулукту жөнөкөйлөштүрүү үчүн бирдиктүү чечимдерди иштеп чыгуу жана өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүмдөрүн Европа рыногуна бирге алып чыгуу маселеси каралды.

Бир жыл мурун АКШнын эң ири интернет базары болгон Amazon компаниясы Борбор Азияда товар өндүргөндөр үчүн соода мүмкүнчүлүгүн ачкан. Каалоочуларга аталган компаниянын онлайн порталына катталуу менен өз товарын эл аралык платформада сатууга уруксат берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар