2020-жылы 81 миң 154 эркек бала төрөлдү, бул кыздарга караганда (76 958) дээрлик 5,5 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Республикада жыл сайын 100 кызга 105-106 эркек бала төрөлөт.
Анткен менен Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көп. 2020-жылы ар бир 100 аялга 99 эркек туура келген. Себеби, аялдар эркектерге караганда 8 жыл узак жашайт. Аялдардын 90 пайызы, эркектердин 70 пайызы гана пенсия курагына чейин жашашы ыктымал.