USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Сузакта инисинин өлүмүнө шектелген өспүрүм кыз чоң атасына берилди

15:00, 10 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Сузакта 11 жаштагы инисинин өлүмүнө шектелген 13 жаштагы өспүрүм кыз чоң атасына берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, кыз ата-энеси менен чогуу туруудан баш тарткандыктан, ал башка туугандарына берилди.

«Кыз шок абалда. Ага юридикалык, психологиялык жардам керек. Шектүүнү чоң атасына беришти», — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ Сузактын Каңды айылында 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү өз үйүнөн табылган. Кийинчерек 14 жашар эжеси көрсөтмө берип, анда кылмышты мойнуна алган.

Өспүрүм кыз берген көрсөтмөсүндө иниси менен ойноп жатып, столго отургузганын, колу-бутун скотч менен байлап туруп бычак менен бир нече жолу сайып жибергенин айткан.

Далил катары алынган кийим-кече, бычак бир туугандар жашаган үйгө таандык экени далилденген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика