18:21
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өлкөдөгү бөбөктөрдүн 51 пайызы эркек балдар. Балдар тууралуу кызыктуу фактылар

2021-жылдын башында 18 жашка чейинки жаш балдардын саны 2 миллион 512 миңди түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, алардын 51 пайызын эркек балдар түзөт.

«2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн», — дейт Статком.

2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миңге, же 2,3 пайызга көбөйдү.

Статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, мектеп куракка чейинки балдар басымдуу. Алар 44 пайызды түзөт. Ал эмии 15-17 жаштагылар балдардын жалпы санын 13 пайызын ээлейт.

Өлкөдө балдардын 67 пайызы айыл жергесинде жашашат.

2020-жылдын аягына карата республикада 18 жашка чейинки жаштагы майыптуулугу бар 32 миңден ашык бала эсептелген, бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жалпы санынын 16,5 пайызын түзөт. Жыл сайын 4 миңге жакын бала майыптуулук статусун алат.

Кыргызстанда 2020-жылдын аягында 106 миңге жакын, анда 340 миңден ашык бала жашаган үй-бүлөлөр социалдык жактан корголбогон, абалы оор үй-бүлөлөр болуп катталган.

2020 — жылдын аягында үй-бүлөлүк тарбияланууда 13,9 миң бала болгон, анын ичинен 5,4 миңи томолой жетимдер, анын 8,3 миңи — камкордук көрүүдө жана башкалардын багуусунда, 5,6 миң бала багып алынган. 2020-жылдын ичинде ата-энесинин багуусусуз калган 18 жашка чейинки курактагы 1,9 миң балдар жана өспүрүмдөр табылган, анын ичинде 674 — томолой жетимдер.

2020-жылы 1 миң 263 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тариялануусуна алынган. 643 баланы — кыргыз үй-бүлөсү, 7 — чет өлкөлүк жарандар тарабынан багып алынган.

2020-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 2 миңге жакын жетим бала жашаган.

Эң көп окулган жаңылыктар