01:26
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Араванда сегизинчи класстын окуучусу cүзүп кеткен наристе көз жумду

Ош облусунун Араван районунда сегизинчи класстын окуучусу сүзүп кеткен 1,5 жашар кыз көз жумду. Маалыматты облустун ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Наристе ооруканага дүйнө салды. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, окуя 19-январда 16.00дө болду. Мектеп окуучусу короодо турган уунаны чыгарып жатып, артында турган кызды көрбөй калган. Маалыматтарга караганда, бул кезде кыздын апасы жакын жерде коңшусу менен сүйлөшүп турган.

Эң көп окулган жаңылыктар