21:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдө 1,5 жаштагы баланы сабаган аял тогуз жылга соттолду

Ысык-Көлдө наристени сабаган аял тогуз жылга соттолду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук прокуратуран билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз райондук соту аялга 90 миң сомго айып салып, 9 жылга эркинен ажыратты. Бирок, ал жаза мөөнөтүн беш жашар кызы 14 жашка чыкканда өтөйт.

1,5 жаштагы бала 2018-жылдын декабрь айында ооруканага түшүп, бир күндөн кийин көз жумган. Анын 21 жаштагы апасы Москвада иштеп жүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума