19:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сузакта инисинин өлүмүнө шектелген кыз туугандары менен жашоодон баш тартты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелген 14 жаштагы кызды реабилитациялык борборго алып, психологиялык жана укуктук жардам берүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматында, шектүү кыз иликтөө учурунда туугандары менен чогуу жашоодон баш тартты. Кызды реаблитациялык борборго жайгаштыруу каралууда. 

Эскерте кетсек, кечээ Сузактын Каңды айылында 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү өз үйүнөн табылган. Кийинчерек 14 жашар эжеси көрсөтмө берип, анда кылмышты мойнуна алган.

Өспүрүм кыз берген көрсөтмөсүндө иниси менен ойноп жатып, столго отургузганын, колу-бутун скотч менен байлап туруп бычак менен бир нече жолу сайып жибергенин айткан.

Далил катары алынган кийим-кече, бычак бир туугандар жашаган үйгө таандык экени далилденген.

Эң көп окулган жаңылыктар