20:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Слово Кыргызстана» гезитинин редакторунун сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерованын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Редакциянын журналисттеринин маалыматында, Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабаган.

Кесиптештеринин айтуусунда экөөнүн мурдатан мамилеси начар болгон. Кифаят Аскерова № 4 шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды. Чатакташуу учурунда Бралкеева да жабыркаганы кабарланууда.

Кифаят Аскерова «Слово Кыргызстана» басылмасына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы баш редактор Курманбек Мамбетовдун ордуна дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума