17:24
USD 84.66
EUR 100.96
RUB 1.17

Сузактагы 2 жашар наристенин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук милициясы Сузактагы 2 жашар наристенин сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, баланын денесинен ар кандай жаракаттарды алышы боюнча факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталды. Наристени карамагына алып калган чоң энесине азырынча айып тагыла элек.

Күбөлөрдүн айтымында, чоң энеси ооруканада. Аны наристе жаткан жандандыруу бөлүмүнө киргизишкен жок. Ал кызды башка соккон жокмун деп айтууда. Анын билдирүүсүнө караганда, кыз тепкичтен кулап, башынан жаракат алган.

Эң көп окулган жаңылыктар