21:32
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өгөй атасы сабаган алты жашар Рамазандын апасы андан баш тартты

Өгөй атасы сабаган алты жашар Рамазандын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, баланы тайенеси расмый камкордукка алды.

«Рамазанга эч кандай коркунуч жок. Ага адамдар дагы эле тамак-аш, кийим кече жөнөтүп жатышат», — дейт юрист.

Эскерте кетсек, Сокулук районунда жашаган Рамазан өгөй атасы тарабынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бир нече күндөн кийин апасы күйөөсүнө каршы арызын кайтарып алган.

Эң көп окулган жаңылыктар