USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Бишкекте атасы уулунун колун сындыра сабаган

10:42, 14 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте атасы уулун кошунасыныкына уктап калдың деген шылтоо менен сабап салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-майда ооруканага сабалган 7 жаштагы бала келип түшкөн. Дарыгерлер дароо милицияга кабар беришкен.

«Милиция келгенде баланын апасы аны атасы сабагандыгын айтты. Баланын баш мээси чайкалып, колу сынган. Энесинин айтымында, бала кошунасыныкына барып уктап калган, ал эми өздөрү издеп жүрө беришкен. Баланы тапкан соң атасы тарбиялоо максатында сабап салган», -деп билдиришти милициядан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика