03:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сузакта сабалып каза болгон 2 жаштагы кыздын энеси тосмо арыз жазды

Сузакта сабалып каза болгон 2 жаштагы кыздын энеси тосмо арыз жазды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, каза болгон кыздын энеси чоң энесинин кызды катуу сабаганына ишенбейт жана ал бул тууралуу сотко айтууга даяр. «Экспертиза 20-июндан кийин даяр болот. Ошондо гана кыздын өлүмү боюнча айыптар коюлат», -деп билдиришти ОИИББдан.

Буга чейин сабалган наристе ооруканага түшкөнү маалымдалган. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып, укук коргоо органдарына кабарлашкан. Анын өзүнүн апасы Альбина Орусиядан кызынын абалы оор экенин уккандан кийин мекенине кайтып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар