11:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сузакта сабалган наристе чарчап калды

Сузакта сабалган наристе чарчап калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунан билдиришти. 

Жалал-Абад облустук милициясы аталган маалыматты тастыктап, наристенин апасы Альбина арыз жазганын айтышты. Кыздын өлүмүнө Альбинанын өгөй энеси шектелүүдө.

Буга чейин сабалган наристе ооруканага түшкөнү маалымдалган. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып, укук коргоо органдарына кабарлашкан. Анын өзүнүн апасы Альбина Орусиядан кызынын абалы оор экенин уккандан кийин мекенине кайтып келген.

 


Эң көп окулган жаңылыктар