20:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте 2 бала сабалды. Милиция эч чара көрбөгөнүнө энеси нааразы

Бишкекте «Жал» кичи районунда 25 жаштагы бала 9 жана 10 жаштагы балдарды сабап салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырланган балдардын энеси Гүлзат Жумакова билдирди.

Айтымында, 20-июнда болжол менен кечки саат 8де анын балдары короодо ойноп жүрүшкөн. 9 жаштагы Ыйман башка бала менен уруша кетет. Ошол маалда чоң киши келип аны жана анын байкесин сабап салган. 

«Улуусунун баш мээси ачык жабыркаган жана кулактын тарсылдагы жарылып кеткен.Кичүүсүнүн баш мээси чайкалган. Ошол кечте уулу жүгүрүп келип кулагы укпай жатканын айтты. Ал кошуна Эрболдун агасы сабаганын кошумчалады. Сыртка чыгып канга боелгон кичүү уулумду көрдүм. Кошунаныкына барсам, атасы балдарың өздөрү күнөөлү деди. Сабаган баласы үйүндө жок экен», -деди ал.

Айтымында, Ленин РИИБсы бул окуя боюнча эч кандай чара көрө элек.

«Биз милииция чакырдык, тергөөчү Нурсултан Токтосунов болжол менен саат 21:30да келди. Арызды каттоого алып кетип калды, чалууга да жооп берген жок. Эки күн бою телефон чалып ала алган жокмун. Жолдомону соттук медициналык экспертизага убагында бербептир, андан кийин дүйшөмбү берем деген жоопту айтты. Кийин тергөөчү биздин арызды каттоого албагандыгы маалым болду», -деди жабырлануучу балдардын энеси.

Бишкек ШИИББсы атайын топ окуя болгон жерге барганын айтты.

«Аял милицияга арыз менен кайрылган. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар