15:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Эки тестиер кыз эжесинен качып, Ошко кетүүгө аракет кылышкан

Түн ичинде 7 жана 11 жаштагы эки кыз Ош облусунда жашаган атасына кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ cаат 9:00дө Акыйкатчы аппаратынын «115 шыр байланыш» кызматына, Бишкек- Ош-Бишкек жолунда жүргөн таксисттер 7 жана 11 жаштагы эки кыз келип, Оштогу атасына жеткирип коюуну суранып ыйлашканын чалып айтышкан.

«Алар үйгө барбайбыз, эжебиз сабайт» дешкен. Акыйкатчынын орун басары дароо жерине барып, саат 12лер чамасында кыздарды кризистик борбордун бирине өткөргөн.

Азырынча кыздардын атасы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эң көп окулган жаңылыктар