USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Курсан Асановдун аялы шайлоодон эртеси УКМК тарабынан суракка алынды

10:57, 12 января 2021, Бишкек - 24.kg
Президенттикке талапкер Курсан Асановдун аялы шайлоодон эртеси УКМК тарабынан суракка алынды. Бул тууралуу жарандык активист Токтайым Үмөталиева Facebook баракчасына жазып чыкты.
 
Анын айтымында, Курсан Асановдун аялы учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
 
«11-январь күнү таң атпай Курсан Асановдун келинчегин УКМК чакырып бир сааттан ашык адвокаты жок суракка алган. Ошол учурда эсин жоготуп реанимацияга түшүп калган. Азыр да реанимацияда жатат», — дейт ал.
 
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК алдамчылык шеги менен Курсан Асановдун сотко чейинки териштирүү ишин баштаганы белгилүү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика