06:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстан 22-декабрдан тарта Орусиянын вакцинасын чыгара баштайт

Казакстан 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштайт. Бул тууралуу Ак ордонун басма сөз кызматы президент Касым-Жомарт Токаев менен премьер-министр Аскар Маминдин жолугушуусунан кийин жарыялады.

Ага ылайык, алгач ушул айда эки миллион доза вакцина даярдалат.

Токаевдин басма сөз кызматы өлкөдө келерки жылдын башынан тартып жапырт эмдөө башталарын билдирди. Вакцинаны биринчи кезекте калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алат.

Өткөн айда Токаев орус вакцинасын өндүрүш үчүн атайын завод куруларын билдирген. Анын алдында эки өлкө вакцина алуу тууралуу макулдашкан.

Буга чейин Нур-Султан март айынан баштап өз вакцинасын чыгарарын маалымдаган. Анда Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод куруу башталганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.

Эң көп окулган жаңылыктар