Жамбыл облусунда наркы 7 млрд теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курулууда. Жергиликтүү бийлик вакцина келерки жылдын март айынан тарта өндүрүлө баштай турганын билдирүүдө.
«Жыл соңуна чейин бардык курулуш-монтаждык иштер аягына чыгарылат. Январь-февраль айларында жабдуулар орнотулуп, линиялар ишке кирет. План боюнча мартта сыноонун үчүнчү фазасы аяктайт, вакцина чыгарыла баштайт. (...) Биокоопсуздукту камсыздоо маселесине келсек, улуттук биологиялык коопсуздук институтуна эл аралык стандарттардын негизинде талаптар коюлду, алардын бардыгы сакталат. Бул жерде вакцинаны сактоо, ташуу, даярдоо процессине жана институт кызматкерлеринин коопсуздугуна маани берилет», — деди Жамбыл облусунун акими Бердыбек Сапарбаев.
Акимдин айтымында, жаңы заводдо жумуш иштей турган биологиялык коопсуздук маселелерин иликтөө боюнча улуттук институттун кызматкерлерине үй курулууда.
«Анда жумуш иштей турган кызматкерлерди колдоо үчүн үйлөр салынат. 60 батирлик алгачкы үй келерки жылы салынып бүтөт. Калган үйлөрдүн курулушун кийинки жылы баштайбыз. Ошондо алардын баары үй менен камсыздалат. Айлык маянага келсек: мындай вакцина өндүрүү үчүн жакшы адистерди тартышыбыз керек. Ошондуктан биз алардын айлыгын көтөрүү жагын ойлонуштуруп жатабыз», — дейт аким.
Заводдо 65 киши иштей турганы пландалууда.