00:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан Боратты туристтерди тартуу үчүн колдонмой болду

Улуттук Kazakh Tourism компаниясы «Борат» фильми экранга чыккандан эки күн өткөн соң тасманын каарманы Саша Барондун «Very nice!» деген фразасын рекламалык компаниянын ролиги үчүн колдонду.

Видеонун баяндамасында: «Балким, сиз бул жер тууралуу уккандырсыз, ал сиз элестеткенден алда канча жакшы. Силер кай жактан учу-кыйры жок чөлдү, кумду жана жомоктогудай бийик чокуларды заманбап мегаполистен бир нече мүнөт алыс аралыктан көрө аласыз?. Бул жерде кишилер ушунчалык меймандос дейсиз, бир нече жолу саламдашкандан кийин эле казак тоюна катышсаңыз болот. Мындай таң каларлык жерди эки сөз менен эмне деп айтса болот? Бир акылман киши айткандай: «Very nice!», деп жазылган.

The New York Times билдиргендей, Kazakh Tourism компаниясына дал ушул фразаны колдонууну Алматыда экскурсиялык бюро ачкан америкалык Деннис Кин сунуштаган. Улуттук компания макул болгондон кийин жарнамага даярдык көрүлгөн.

Казакстанда 2006-жылы «Борат» фильминин биринчи бөлүгү чыккандан кийин казактар ага абдан ыза болушкан. Кийинчерээк ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев тасманы тамаша катары кабыл алууга чакырып, ТИМ министри Ержан Казыханов «Борат» фильминен кийин Казакстанга келген туристтердин саны он эсеге көбөйгөнүн айткан.

Фильмдин экинчи бөлүгү да Казакстанда түрдүү реакцияларды жаратты. Өткөн аптада Нур-Султанда тасманы көрсөтүүгө каршы митинг өттү. Ага чейин 10 миңден ашык киши фильмди жарыкка чыгарбоо талабы менен онлайн-петицияга кол коюшкан.

«Борат» тасмасы АКШга келген казакстандык кабарчы Борат Сагдиевдин окуясын баяндайт. Биринчи тасма прокатта 260 миллион доллар топтогон. Фильмде башкы ролду ойногон Барон Коэн эң мыкты комедиялык актер катары «Алтын глобус» сыйлыгын алган.

Kazakh Tourism 2017-жылы түзүлгөн. Ал өлкөнүн туризм боюнча бренд-менеджери болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар