22:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ыктыярчы Ысык-Көлдүн дарыгерлери канча айлыкка иштешерин айтып берди

Ишкер Эрик Абдыкалыков өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жүздөгөн ыктыярчылардын катарында эмгектенүүдө. Ал 24.kg агенттигинин кабарчысына Ысык-Көл облусундагы коронавирус илдетине каршы күрөшүп жаткан алдыңкы үч дарыгерди көрсөтүп, алар жөнүндө айтып берди.

Учурда кызыл зонада иштеп жаткан Ысык-Көл аймактык ооруканасынын дарыгери Талант Такенеев тажрыйбалуу хирург. Анын ооруканада башка учурда айлан маянасы беш миң сомдон бир аз жогору.

«Талант Такенеев оорукананын директорунун орун басарынын кызматын аткарат. Учурда ал четте карап турбастан, кадр жетишсиздигине байланыштуу шаардагы бардык ооруканаларды тейлеп жатат», — дейт Эрик Абдыкалыков.

Фото Хирург Талант Такенеев

Дарыгер Зайракан Асанкожоева 61 жашта. Автордун айтымында, ал 1 миң 390 калкы бар Сары-Ой айылындагы жалгыз дарыгер. Бейтаптарды эртең менентен баштап түнгө чейин кабыл алат. Зайракан Асанкожоеванын 40 жылдык тажрыйбасы бар.

Сары-Ой айылынын дарыгери бир айга 7 миң 500 сом айлык алат.

Фото Дарыгер Зайракан Асанкожоева

Дарыгер-реаниматолог Эдилбек Жекшеналиев бул кесипте үч жылдан бери аркалап келет. Анын айлыгы 8 миң 300 сомду түзөт. Буга чейин Бишкектеги ооруканалардын биринде 45 күн катары менен кызыл зонада иштеген. Андан кийин эс албай туруп Ысык-Көлгө жөнөгөн. Анын айтымында, кичи мекени кыйналып турганда, четте карап тура алган эмес.

Белгилей кетсек, вирус менен иш алып барган медиктерге кошумча төлөнүп берилет. 

Фото Реаниматолог Эдилбек Жекшеналиев

Эрик Абдыкалыков дарыгерлерди «Ысык-Көлгө жардам» долбоорунун алкагында аймакка болгон сапарында сүрөткө тартып алгандыгын 24.kg агенттигине айтып берди. Активисттер пандемия учурундагы чыныгы көрүнүштү чагылдыруу максатында дарыгерлер жана жергиликтүү ооруканалардын абалы тууралуу видеоролик тартышууда.

«Ысык-Көлдөгү оор кырдаалды көрүп, колдоо каражатын топтоону чечтим. Анын ийгиликтүү болушу үчүн, түз эле аймакка барып, маселенин келип чыгышы жөнүндө видео тартууну чечтим. Эл жергиликтүү медициналык мекемелердин көйгөйлөрү жөнүндө билүүлөрү үчүн дарыгерлер менен сүйлөшүү болду. Видео даяр болгондон кийин, каражат топтоого өтөбүз. Бул үчүн мага көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде популярдуу болгон Virtus.pro спорттук клубунун мүчөсү жардам берет. Биз Кыргызстанды коронавирус менен күрөшүүдө колдоого чакырабыз», — дейт Эрик Абдыкалыков.

Ыктыярчы Ысык-Көл облусунагы ооруканалардын абалы өтө аянычтуу экендигин айтат.

Алар арзыбаган акчага иштеп жатышат. Кандай жол болбосун өзүлөрү илдетке чалдыгып калышаары толук мүмкүн. Анткени ал жакта жеке коргонуучу каражаттар дагы, шарт дагы жок. Ошондой эле алар жумуш ордуларын жоготуудан коркушуп эч нерсе дей алышпайт.

Эрик Абдыкалыков

Ал видеороликтен кийин эл Ысык-Көл облусунун ооруканаларында кырдаал канчалык оор жана коркунучтуу экендигин түшүнүп, жардам берет деп үмүттөнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума